Ссылки доступа

Казакстанда террордук акт пландоого шектелген үч киши кармалды


Казакстан Улуттук коопсуздук комитети (УКК) радикалдуу топтордун мүчөсү делген үч кишини кармады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча шектүү жарандар күч түзүмдөрүнө карата террордук акт уюштурууга даярдык көрүшкөн деп шектелүүдө. Аларды УКК 10-октябрда Алматыда кармады.

Маалымдалгандай, шектүү жарандардан колго жасалган жардыргыч заттар жана детонаторлор, ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынган.

XS
SM
MD
LG