Ссылки доступа

Орусия Алеппону кайра бомбалай баштады


Орусиялык аба аскер күчтөрү бир нече күндүк тынымдан кийин козголоңчулар кармап турган Алеппонун чыгыш бөлүгүн кайрадан бомбалай баштады.

Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматы боюнча Бустан аль-Каср жана Фардос райондорунда кеминде эле сегиз жай тургун мерт кетти. Шаардын бул бөлүгүндө 255 миңден кем эмес киши курчоодо калган.

“Бул Сирия режими авиасоккулардын интенсивдүүлүгүн азайтарын жарыялагандан берки орусиялык аскерлердин эң кубаттуу бомбалоосу болуп калды”, - деп билдирди Syrian Observatory for Human Rights уюмунун башчысы Рами Абдель Рахман. 5-октябрда Сирия армиясы Алеппонун чыгыш бөлүгүн бомбалоону азайтарын билдирип, жай тургундарды козголоңчулардан алысыраак болууга үндөгөн.

Уюмдун эсебинде, Орусиянын колдоосу менен Алеппону кайтарып алуу операцияларынан кеминде эле 290 адам набыт болду, алардын көпчүлүгү жай тургундар.

XS
SM
MD
LG