Сонку аптада эң аз дегенде эки аял Мухамедиулыны сексуалдык асылууга айыпташкан. Исскуство академиясынын бүтүрүүчүсү Енлик Сыдыкова Арыстанбек Мухамедиулы ректор болуп турганда окууга өткөрүү үчүн пара талап кылганын жана ага асылганын билдирди. Бул жөнүндөгү анын видео кайрылуусу интернетте таркады.
Видео социалдык түйүндөрдө кеңири талкууланууда. Кыздарды Театр ишмерлер кеңешинин төрагасы дагы колдоду. Министр Арыстанбек Мухамедиулы Енлик Сыдыкованын айыптоолорун "жалган жалаа" деп атады. Чиновниктин пикиринде, кыздарды башка адамдар колдонуп, анын беделин түшүрүүгө аракет көрүп жатышкан сыяктуу.
Президенттик оркестрдин мурдагы флейтачысы дагы аны сексуалдык асылууга айыптоодо. 1990-жылдары оркестрди азыркы министр жетектеп турган.