Ссылки доступа

БУУ тажик адвокаттарына карата чыгарылган өкүмдөргө кабатыр


12-октябрда БУУнун Адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы кеңсеси тажик жактоочулары Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамовго карата чыгарылган өкүмдөргө кабатыр экени айтылган билдирүү таратты.

Анда эки адвокат тең Дүйшөмбүдө өткөн жабык отурумда алдамчылыкка, документтерди жасалмалоого, улуттук, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутууга жана экстремизмге айыпталып, бири 23, экинчиси 21 жылга соттолгону жазылган.

«Сипар» адвокаттар коллегиясынын жетекчиси Бузургмехр Ёров 2015-жылдын сентябрында, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүн коргоо боюнча комитет түзгөнү тууралуу билдирер замат кармалган. Ошол эле жылдын октябрында Ёровду жактоого алган Нуриддин Махкамов камакка алынган. Экөөнө тең бирдей айып тагылган. Андан сырткары эки жактоочу тең жаза мөөнөттөрүн өтөп бүткөндөн кийин 5 жылга чейин адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылышты», - деп айтылат билдирүүдө.

Анын авторлору адвокаттарга карата чыгарылган өкүмдөр алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешип, аны Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнө укуктук жардам көрсөткөндүктөрү үчүн «жаза» деп эсептешет.

Эки адвокат тең тагылган айыптарды четке кагып, ишти кайрадан каратууга аракет кыла тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG