Ссылки доступа

Керри менен Лавров Сирия боюнча 15-октябрда сүйлөшөт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-октябрда жолугуп, Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Швейцариянын Лозанна шаарында болчу сүйлөшүүлөргө аймактагы өлкө өкүлдөрү да катышат. Бул тууралуу Орусия ТИМи билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуу Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча кошумча кадамдарды караштыруу үчүн өткөрүлөт.

Буга чейин Лавров Си-эн-эн телеканалына курган маегинде жолугушууга Иран, Түркия, Сауд Арабиясы жана Катар катыша турганын айткан.

XS
SM
MD
LG