Путин бул билдирүүдө Сириядагы чыныгы жагдай эсепке алынбаганын айтты. Орусия лидери TF1 француз телеканалына берген маегинде Сириядагы кырдаал үчүн батыштагы өнөктөштөр, эң биринчи Кошмо Штаттар жоопкер экенин билдирди.
Путин Москва Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүп жатканын кошумчалады.
Путин Франция Москваны БУУнун Сирия боюнча резолюциясына вето коюуга аргасыз кылганын айтып, Париж муну Вашингтондун көрсөтмөсү менен жасаганын болжолдоду. Өткөн аптада Орусия Франциянын Сирия боюнча даярдаган резолюциясында Москванын сунуштары эске алынган эмес деп вето укугунан пайдаланган.
Батыш өлкөлөрүнүн билдиришинче, Москва бул ветосу менен Сириядагы кыйноолорду токтотууга кызыктар эмес экенин көрсөттү. Буга чейин Франсуа Олланд Орусиянын Сириядагы аракеттерин айыптагандан кийин Путин Францияга болгон сапарынан баш тарткан.