Ссылки доступа

Новак: «Түрк агымынын» курулушу 2017-жылы башталат


Орусиянын энергетика министри Александр Новактын айтымында, Кара деңиз аркылуу «Түрк агымынын» курулушу кийинки жылы башталат.

Министр Стамбулга болгон сапары маалында курулуш иштерин баштоого зарыл болгон бардык нерселер колдоого алынганын билдирди. Ал долбоорду аяктоо мөөнөтү 2019-жылдын аягы экенин кошумчалады. Газ кууру Европанын түштүк-чыгыш бөлүгүнө тартылып, Грециянын аймагы аркылуу өтүшү мүмкүн.

Долбоор эки жыл мурда сунушталган, бирок түрк-сирия чек арасында орусиялык аскер учагынын атылып түшүрүлүшүнөн улам мамилелер кескин начарлап кеткендиктен убактылуу токтоп калган. Учурда Москва менен Анкара мурдагы экономикалык тыгыз байланыштарды калыбына келтирүү аракетинде. «Түрк агымын» куруу тууралуу келишимге Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган ушул апта башында Стамбулда кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG