Ссылки доступа

Казак активисттери социалдык кастыкты козутуу айыптарын четке кагышууда


Казакстанда жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын сотунда айыпталуучулардын адвокаты жаңы доо арыз менен кайрылды. Жактоочу шымкенттик ишкер Тохар Тулешов мыйзамсыз каршылык акцияларын өткөрүү үчүн Талгат Аянга берди делген акчалардын номурларын иликтеп чыгууну талап кылды.

Судья Тулешовдун иши башка сотто каралып жатканын жүйө кармап, доо арызды четке какты.

Сотто мамлекеттик айыптоочу активисттер 24-апрелде Атырауда жер реформасына каршы митингге элди чакырып, ММКларды колдонуу менен социалдык кастыкты козуткан деген бүтүмүн окуду. Бокаев менен Аян баштан бери эле бул кинелерди четке кагып келишет:

— Казакстанда жарандарга тынч жыйындарды өткөрүү укугу берилген. Эгер мыйзамдын күчү жок болсо, анда анын деги кереги барбы? Мени эмне себептен күнөөлөп жатышканын түшүнгөн жокмун,— деди Макс Бокаев.

Талгат Аян болсо өз жерин коргоп чыгышканы үчүн аларды кылмышкер кылып көрсөтүп жатышканын айтты.

Акивисттер быйыл жазында өткөн жер реформасына каршы нааразылык акцияларынан кийин камалышкан.

XS
SM
MD
LG