Ссылки доступа

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрмөй болду


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кечээ Казакстанга расмий сапар менен барды. Анда коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуу жыйынтыгында эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюлду. Буга чейин жарандар беш күнгө чейин гана каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген эле.

Эми бул келишимди эки өлкө парламенттери жактырган соң жарандар коңшу мамлекеттин аймагында каттоосуз бир айга чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул арада кыргыз жарандары Орусияда да 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат алышты.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген келишимди жактырды. Мындай келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү 2015-жылдын 19-июнунда кол коюшкан. Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күнгө чейин Орусияда каттоосуз жүрүүгө уруксат алат. Учурда Орусиянын аймагында жети күн каттоосуз жүрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG