Ссылки доступа

Актөбөдөгү куралдуу чабуул боюнча сот жабык режимде өтүүдө


5-июнда Актөбөдө болгон куралдуу кол салуу иши боюнча соттук жараян жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучу катары 29 киши өтүп жаткан сот жыйыны кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык сотто уюштурулган.

Сот имаратынын айланасы курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. ММК өкүлдөрү жараяндын жүрүшүнө мониторлор коюлган өзүнчө бөлмөдө көз салып туруу мүмкүндүгүнө ээ болушту. Бирок судья соттун курамы, айыпталуучулардын аты-жөнү, аларга тагылып жаткан айыптар тууралуу маалыматты окуп жатканда үнү чыкпай, сүрөттөлүшү гана көрүнүп калды.

Актөбөдө бүгүн каралып башталган кылмыш ишинде айыпталуучу катары 29 киши өтүүдө. Тогузу терроризм актысына тиешеси бар, 18и даярдалып жаткан кылмыш тууралуу маалымат берген эмес, экөөсү кылмышты жаап-жашырган деп айыпталууда.

Сот жообуна тартылып жаткандардын кызыкчылыгын 27 адвокат коргоодо. Иште жабырлануучу катары 88 киши, күбө катары 48 киши өтүүдө.

XS
SM
MD
LG