Ссылки доступа

Ала-Букадагы баптист аялдын сөөгү башка жерге коюлду


Ала-Букада христианчылыктын баптисттер агымын тутунган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү райондогу башка жерге коюлду. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди.

Анын айтуусунда, дүйшөмбүдө райондогу айрым тургундар Сатыбалдиеванын сөөгү христиан мүрзөсүнө коюлушуна каршы болуп, коюлган сөөктү кабырдан чыгарып салышкан. Мындан кийин район бийлиги кеңешип маркумдун сөөгүн башка жерге жашырышты.

Акимдин орун басары жергиликтүү элге бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Маркум аялдын сөөгү православ христиандарынын мүрзөсүнө үч күн мурда коюлган.

Бирок маркумдун туугандарынын айтуусунда, сөөктү казып чыгаруу жергиликтүү имамдардын демилгеси менен болгон.

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлган эле.

XS
SM
MD
LG