Ссылки доступа

Өзбекстанда 23 жыл абакта отурган экс-депутатка жаңы жаза мөөнөтү дайындалышы мүмкүн


Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын экс-депутаты, мунайды кайра иштетүү заводунун мурдагы директору Самандар Кукановдун жаза мөөнөтү ушул жылдын 6-октябрында аяктаган.

Бирок 72 жаштагы Кукановго карата жаңы жаза мөөнөтүн дайындоо максатында абактын ички эрежелерин бузуу айыбы менен тергөө амалдары башталганы кабарланууда. Самандар Куканов эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң узак убакыт абакта жаткан саясий туткун деп айтылып келет.

Анын уулу Сардор Кукановдун айтымында, атасы абактан 6-октябрда чыгышы керек болчу. Бирок атасын чыгарып кетүү үчүн түрмөгө барганда Кукановго түрмөнүн ички эрежелерин бузуу айыбы тагылып, иши тергелип жатканын билдиришкен.

Уулунун айтымында, атасынын иши боюнча соттун болгон-болбогонун билиши үчүн ага түрмөдөгү ишеним номурун берип жөнөтүшкөн. Бирок Кунакуновдун туугандарынын телефон аркылуу маалымат алуу аракетинен эч майнап чыга элек.

Кукановду жакындан тааныгандар саясий чөйрөдө 80-жылдары эле белгилүү болгон депутат оппозициянын катарына кошулуп кеткендиги үчүн президент Ислам Каримовдун жеке буйругу менен камакка алынганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG