Ссылки доступа

Спорт министрлиги: Грозныйдагы балдар мушташы ММА эрежелерин бузуу болуп эсептелет


Чеченстан республикасында балдардын мушташтын аралаш түрү боюнча мелдештерге катышуусу ММА эрежелерин бузуу болуп эсептелет. Бул тууралуу "Р-Спорт" агенттигине Орусиянын спорт министринин орун басары Павел Колобков билдирди.

Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун 10 жаштагы уулу Ахмад 4-октябрда Грозныйда өткөн мелдеште атаандашын 14 секунддун ичинде нокаут кылган. Андан сырткары Кадыровдун дагы эки уулу — Эли (9 жашта) менен Адам (8 жашта) 27 жана 35 килограммга чейинки салмак категорияларында жеңишке жетишкен. Кийинчерээк Орусиянын аралаш күрөш өнөрү (ММА) союзунун башчысы Федор Емельяненко балдардын мушташтарга катышуусун сынга алып, 12 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ММА эрежелери боюнча мушташуусуна таптакыр уруксат берилбегенин билдирген.

Спорт министрлиги Чеченстанда балдардын катышуусундагы макулдашылбаган мелдештерди өткөрүүнү токтотуу максатында атайын кат даярдады. Анда мекеме чечен спорт министрлигине мелдештерди өткөрүү боюнча макулдашып турууну кеңеш кылат.

Ошол эле маалда министрдин орун басары федералдык мекеме «укук коргоо органы болбогондуктан», балдардын катышуусунда мелдештерди өткөргөндүгү үчүн кимдир бирөөнү жазалоо ыйгарым укугуна ээ эмес экенин белгиледи.

Өз кезегинде аралаш стилдеги мушташтар боюнча Grand Prix Akhmat-2016 мелдешинин уюштуруучулары мушташтар тааныштыруу иретинде өткөрүлгөнүн белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG