Ссылки доступа

HRW Түркмөнстанды журналисттин агасынын өлүмүнүн жагдайларын иликтөөгө үндөөдө


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму түркмөн бийлигине кайрылып, Алтымурад Аннамурадовдун өлүмүн иликтөөгө үндөдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Алтымурад Аннамурадов — учурда Швеция жарандыгын алып, ошол жакта жашап жаткан журналист, “Свобода” радиосунун мурдагы кызматкери Чары Аннамурадовдун бир тууганы. Ал 2016-жылдын июнь айында Беларуста түркмөн бийлигинин суранычы менен кармалган. Минсктеги убактылуу тергөө абагында эки ай жаткандан кийин бошотулуп, Швецияга кайткан.

Анда дагы Human Rights Watch атайын билдирүү менен чыгып, беларус жана түркмөн бийлиги Швеция жаранына карата санкция киргизүү мыйзамсыз экенин айтышкан. Ошондой эле эгер Аннамурадов Түркмөнстанга барса зомбулуктун курмандыгы болору баса белгиленген.

HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Рейчел Денбер Алтымурад Аннамурадовдун өлүмүн саясий эмигранттан өч алуу катары баалады. “Түркмөн бийлиги көп жылдан бери Чары Аннамурадов жана анын үй-бүлөсүн куугунтукка алып жүрөт. Эми анын бир тууганы белгилүү диссидентти экстрадициялоо аракетинин айланасындагы эл аралык жаңжалдын курмандыгы болуп калды окшойт”,-деди ал.

Алтымурад 4-сентябрда көз жумган. Ичер суусу түгөнөргө төрт күн калганда аны белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Эки күн өткөн соң ур-токмокко кабылып үйүнө келген. Алтымурад уурдап кеткендер андан бир тууганы жөнүндө сурашып, ырайымсыздык менен сабашып, кордошконун айткан. Ал мындан эки күн өткөндөн кийин 52 жашында каза тапкан.

XS
SM
MD
LG