Ссылки доступа

Кабулдагы жардырууда Ооганстан парламентинин депутаты жарадар болду


Кабулда жардыруу болуп, кеминде эле үч адам жаракат алды. Алардын арасында Ооганстан парламентинин депутаты дагы бар экени кабарланууда.

Ооганстан ички иштер министринин орун басары Наджиб Дани билдиргендей, жардыруучу зат көпүрөнүн алдына орнотулган. Божомолдор боюнча ал Бамиан провинциясынан депутат Факури Бехишти бара жаткан автоунаага каршы багытталган.

Кабул полициясынын башчысы Абдул Рахман Рахими кол салуу Дашти-Барчи аймагында болгонун айтты. Бехишти парламентке бара жаткан. Жаракат алгандардын арасында анын уулу дагы бар экенин айтылууда.

Азырынча жардыруу боюнча жоопкерчиликти эч ким ала элек. Үч жума мурун “Талибан” кыймылынын үч жоочусу башка бир депутаттын үйүнө кол салып, анын кесепетинен сегиз жаран көз жумган.

XS
SM
MD
LG