Ссылки доступа

Эмомали Рахмон Өзбекстан менен виза режимин жоюуну колдойт


Тажикстан Өзбекстан менен визалык режимдин жоюулушуна же анын жөнөкөйлөтүлүшүнө кызыктар. Бул тууралуу Эмомали Рахмон Өзбекстан премьер-министринин орун басары Рустам Азимов менен болгон жолугушуу маалында билдирди.

Вице-премьер Рустам Азимов башында турган Өзбекстандын расмий делегациясы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбүгө 27-декабрда барган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эмомали Рахмон өлкөлөр ортосундагы аба каттамын калыбына келтирүү боюнча өзбек тараптын демилгесин колдой турганын билдирди. «Биздин өлкө темир жол тилкелерин калыбына келтирүү, темир жол менен жүк ташуудагы тарифтерди төмөндөтүү, электр энергиясын импорттоо жана экспорттоону кайра тартипке салуу, айыл чарба тармагында кызматташууну, чек ара маселелерин чечүүнү жана визалык системаны жоюу же жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча алакаларды жакшыртууну колдойт», - деди Эмомали Рахмон.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тараптар экономика, соода, транспорт жана коммуникация, суу, энергетика, маданият маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу пикир алышып, кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштарды айтышты.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында өлкөлөр ортосундагы виза режимин жөнөкөйлөтүү жана аба каттамдары менен темир жол байланыштарын калыбына келтирүү маселелери талкууланары кабарланууда. Келерки жылы ачыла турган Дүйшөмбү-Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамдарынын жүргүнчүлөрү өзбек же тажик визаларын аэропорттордун өзүнөн эле алып калуулары мүмкүн.

XS
SM
MD
LG