Ссылки доступа

Кыйраган Ту-154түн үч «кара кутусу» тең табылды


Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын үч «кара кутусу» тең кургактыкка чыгарылды. "Интерфакс" агенттигинин булагы алардын абалы канааттандыраарлык экенин жана жазууларын чечмелөөгө мүмкүн экенин билдирди. Алгачкы «кара куту» куткаруучулар тарабынан 27-декабрда эртең менен табылган болчу.

Учак кырсыгын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жетекчиси Максим Соколовдун айтымында, табылган үч «кара куту» Коргоо министрлигинин иликтөө борборуна жеткирилип, адистер анда топтолгон жазууларды чечмелөөгө киришти.

"Интерфакстын" ыкчам штабдагы булагы тергөө учак болжол менен «көтөрүлүү күчүнүн жетишсиздигинен» улам кулап түшкөн деген версияга ыктап жатканын айтты.

"Болжолдуу маалыматтар боюнча учактын жабуу системасы текши иштеп кетип, анын натыйжасында көтөрүлүү күчү жетишсиз болуп, учак керектүү деңгээлде күүлөнө албай кулап түшкөн", — деди ал.

XS
SM
MD
LG