Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Дутбаев Нартай, Хасен Нурлан Болатулы жана Нуртаев Ерлан 26-октябрда кармалганын кабарлады. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда далилдер табылганы айтылууда. Кылмышка шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.
Нартай Дутбаев Улуттук коопсуздук комитетин 2001-2006-жылдар аралыгында башкарып турган. Ал “Арстан” атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө катышы бар экени белгилүү болгон соң отставкага кеткен.