Ссылки доступа

Трамп Израилди инаугурациясына чейин «чыдап турууга» чакырды


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Израилге карата сый эмес мамиленин болушуна мүмкүндүк бербей турганын билдирди. Твиттердеги билдирүүсүндө ал Израилди 2017-жылдын 20-январына белгиленген инаугурациясына чейин "чыдап турууга" чакырды.

Трамптын айтымында, АКШ Израиль үчүн дайыма «мыкты дос» болгон, бирок Тель-Авив сынга алган Иран менен өзөктүк келишим түзүлгөндөн кийин абал өзгөргөн. Өзөктүк курал иштеп чыгууга аракет кылууда деген шектенүүлөрдөн улам Иранга каршы киргизилген санкциялар ушул жылдын 16-январында жокко чыгарылган. ​

Израиль премьер-министри Беньямин Нетаньяху жооп катары «достук мамилеси жана колдоосу үчүн» Трампка ыраазычылык билдирди.

23-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин палестин аймактарына еврей конуштарын куруусун токтотууну талап кылган резолюция кабыл алган. Документти Коопсуздук кеңешине мүчө 14 өлкө колдоп, АКШ добуш берген эмес. Вашингтон көптөгөн жылдардан бери алгачкы жолу Израилге каршы документке каршылыгын билдирген жок. Анда Нетаньяху АКШ администрациясына кескин сын айтып, аны палестиналыктар менен сөз байлашып алган деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG