Ссылки доступа

Авиажаңжалдан улам тажик жана орус авиакомпаниялары сотко кайрылууну чечти


Расмий Дүйшөмбү орусиялык “Ямал” авиакомпаниясы тажик тарап менен сүйлөшүүлөр учурунда өз пайдасы үчүн жеткиликтүү аргументтерди келтире албай, сотко кайрылууну чечкенин билдирди.

Тажикстандын транспорт министрлигинин билдиришинче, мындай жол менен “Ямал” компаниясы дагы бир жолу Тажикстанга учууга расмий түрдө уруксаты жок экенин далилдөөдө. Тажик тарап өз авиакомпанияларынын кызыкчылыктарын сотто коргоого даяр.

Ошол эле маалда Орусиянын “санкциясынан” улам аталган өлкө аймактарына уча албай жаткан “Сомон Эйр” авиакомпаниясы олуттуу каржылык чыгымдарды тартты. Буга байланыштуу алар дагы доо арыз менен сотко кайрылышы ыктымал.

Кечээ, 28-декабрь күнү ТАСС “Ямалдын” коммерциялык директоруна шилтеме кылуу менен компания Жуковский аэропортунда жокко чыгарылган каттамы үчүн чыгымдарды өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылганы жатканын маалымдады. Бирок так мөөнөтүн атаган эмес. Учурда чыгымдар эсептелип жатат.

XS
SM
MD
LG