Ссылки доступа

Вице-спикер Тайванга иш сапар менен баргандыгы үчүн кызматтан кетти


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутат Нурбек Алимбековдун Тайванга сапары боюнча билдирүү жасады. Парламенттин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө Нурбек Алимбековдун Тайванга сапары Кыргызстандын “тайван маселеси” боюнча расмий позициясына каршы келери айтылган.

Кытайдын Бишкектеги элчилигинин маалыматы боюнча, 21-декабрда Алимбеков баштаган кыргызстандык делегация Тайвандын мыйзам чыгаруу органынын төрагасы Су Цзячуан менен жолуккан. Бул жолугушууну Тайвандын борбордук маалымат агенттиги чагылдырып, эки өлкө парламенттеринин кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүү өткөнүн жарыялаган.

Турсунбеков парламенттин вице-спикеринин бул кадамы Кытай менен 2002-жылы кол коюлган достук жана кызматташтык боюнча келишимге каршы келерин белгиледи. Ал келишимде кыргыз тарап дүйнөдө бир гана Кытайды тааный турганы айтылган.

Кечээ Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетти. Ал мындай кадамын жекече иш сапары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбесин деген жүйө менен негизделерин билдирген.

Бирок Жогорку Кеңештеги айрым булактар Алимбековдун кызматтан кетери мурдатан эле белгилүү болгонун, буга Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо мыйзамына каршы добуш бергени себеп болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG