Ссылки доступа

АКШ менен Казакстан ортосундагы виза режими жөнөкөйлөтүлдү


АКШга ишкердик жана туристтик максаттарда барчу казакстандыктар 2016-жылдын 29-декабрынан тарта америкалык визаны 10 жылга чейинки мөөнөткө ала алышат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Он жылдык мөөнөттөгү ишкердик жана туристтик визалардын киргизилиши Казакстан менен Американын жарандарына виза үчүн документтерди топтоого эмес, сапарды пландоого көбүрөөк убакыт бөлүү мүмкүндүгүн берет», — деп билдирди АКШнын Казакстандагы элчиси Жорж Крол.

Элчиликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ишкердик жана туристтик сапарлар үчүн он жылдык визалардын баасы 160 доллар деңгээлинде сакталып калат.

Ошол эле маалда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө туристтик жана ишкердик сапар жасай турган АКШ жарандары үчүн да он жылдык мөөнөт менен визаларды берүүнү пландоодо. 2016-жылдын 1-январынан тарта Казакстанга 30 күнгө чейинки мөөнөткө келген АКШ жарандары үчүн виза талап кылынбайт.

XS
SM
MD
LG