Ссылки доступа

Украина Донбасс жикчилдерине камактагы 15 адамды өткөрүп берди


Украина тарап 29-декабрда өзүн Донецк жана Луганск республикалары деп атап алган аймактын өкүлдөрүнө 15 кишини — тогуз эркек жана аллты аялды өткөрүп берди.

Алар мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууга байланышкан кылмыштарга айыпталып соттолушкан. Киевден билдиришкендей, бул бошотуу «ДНР» жана «ЛНР» менен туткундарды алмашууну тездетиши керек.

27-декабрда жикчилдер Украина тарапка Мариуполдун аппеляциялык сотунун судьясы Анжелика Преснякова менен журналист Ольга Своракты өткөрүп берген. Анда алардын 7-декабрда Жогорку Рада депутаты Надежда Савченко менен Минскте болгон сүйлөшүүлөрдүн алкагында бошотулганы айтылган. Савченко декабрдын башында Беларус борборунда «ДНР» жана «ЛНР» лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий менен жашыруун жолугушкан. Ага байланыштуу ал алгач Жогорку Рададагы «Батькивщина» фракциясынын курамынан, кийинчерээк Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясындагы украина делегациясынан жана Рададагы улуттук коопсуздук комитетинен чыгарылган.

Украина ТИМинин маалыматына караганда, Орусия өз аймагында бери дегенде эле 17 украиналыкты, аннексияланган Крымда андан да көп, ал эми оккупацияланган Донецк жана Луганск облустарында жүздөн ашык украин жаранын мыйзамсыз кармап турат. Өлкө ТИМи «баарына баарын» алмашуу тууралуу Минск келишимдеринин аткарылбай жаткандыгы үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөөдө.

Украинанын Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, учурда Донбасстын жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарында жайгашкан түрмөлөрдө 109 украиналык кармалып турат. "ДНР" менен "ЛНР" «баарына баарын» алмашуу макулдашуусунун алкагында 47 гана украиналыкты бошотууга даяр экендиктерин, ошол эле маалда Украина алардын 690 адамын бошотушу керектигин билдирүүдө. Расмий Киев жикчилдердин мындай талабына макул эмес.

XS
SM
MD
LG