Урматтуу достор!
Борбор Азия Жаңылыктар кызматынын чакан командасы Сиздерди Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт. 2016-жылы биз менен бирге болгон бардык кесиптештерге ыраазычылык билдиребиз.
Өтүп бара жаткан жылы кызматка 1000ден ашуун ММК өкүлдөрү жазылды, алардын ичинен 600ү – тыгыз иштешкен өнөктөштөрүбүз. Бул убакыт аралыгында биз жылуу мамиле түзүп, адискөйлүк менен кызматташа алдык. Жаңы жылда адатта жаңы идеаларды, үмүттөрдү күтөбүз.
Ар бириңиздердин кыялдарыңыздар, каалооңуздар орундалсын. 2017-жыл жемиштүү болсун, жакшылыктын жарчысы катары элге позитивдүү кабарларды көбүрөөк тараталы! Кийинки жылы дагы биз менен кызматташасыздар деп терең ишенебиз!
Борбор Азия Жаңылыктар Кызматынын жамааты!