Министрликтен кабарлашкандай, негизги майрамдык иш-чаралар өтчү жерлер тартип сакчыларынын тыкыр көзөмөлүндө. Коопсуздукту камсыздоо, жагымсыз жагдайлардын алдын алуу максатында атайын рейддер жүргүзүлүүдө.
Ошол эле маалда азыркы оор учурда калктын тынч жашоосун камсыздоо маселеси өтө актуалдуу болуп бара жатканы белгиленген. Бул үчүн министрлик кызматкерлерин кыраакы жана сергек болуп, бардык аракетти жумшоого чакырды.