Ссылки доступа

Азери-армян кагылышында төрт аскер мерт болду


Азербайжан жана Армения күчтөрүнүн чек арадагы кагылышынан кеминде төрт аскер мерт болуп, дагы бир нечеси жаракат алганын расмий өкүлдөр кабарлашты.

Армениянын Коргоо министрлиги 29-декабрда эртең менен орун алган атышуудан үч аскерин жоготуп, бир нечеси жарадар болгонун билдирет.

Армян тарап атышуу үчүн азери тарапты айыптап, алардын аскерлери чек аранын түндүк-чыгыш секторуна кирүүгө аракеттенгенин белгиледи жана муну “агрессия” деп сыпаттады.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда соңку атышуудан алардын бир аскери өлгөн.

Алар кагылышуу үчүн тескерисине армян тарапты айыптап, армян чек арачылары мамлекеттик чек араны бузууга аракеттенгенин, бирок “буктурмага” кабылганын белгиледи.

Эки ортодо азырынча жөнгөрүлө элек Тоолуу Карабак чатагы бар Азербайжан менен Армениянын аскерлери быйыл апрелде төрт күн катары менен атышып, анда эки тараптан биригип 75 аскердин өмүрү кыйылган. Бул 1994-жылы ок атышууну токтотуу макулдашуусу жетишилгенден берки эң ири уруш болгон.

XS
SM
MD
LG