Ссылки доступа

Кыргызстан 2017-жылдагы бюджеттик багыттагы эң мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди


Америкалык каржы-экономикалык Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң мыкты бюджеттик багыттагы туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту. Тизмеде 17 өлкөдөгү 21 багыт көрсөтүлгөн. Баянда Кыргызстан жаңы туристтик багыт катары сыпатталат.

Басылма Кыргызстандын 93 пайызын тоолор ээлей тургандыгын, бай тарых жана маданиятка ээ экендигин жазган. Бишкек – Улуу Жибек жолунан мураска калган калаа катары Борбор Азияны иликтөө үчүн эң мыкты борбор деп белгиленген.

Журнал капчыгы чектелүү туристтер үчүн Кыргызстан эң ынгайлуу өлкө катары эскерилет. Шаарда мейманкана үчүн бир түнгө болгону 15 доллар төлөөгө болот. Жакшы тамактанууну баасы – 2 доллардан башталат. Атүгүл салттуу бой үйдө калып, эки маал тамактануу бир киши үчүн болгону 20 долларды түзөрү жазылган.

Тизмеде мындан тышкары Португалия, Түштүк Корея, Румыния, Түштүк Африка, Греция, Филиппины, Австралия, Тринидад жана Тобаго, Словакия, Грузия, Лаос, Египет, Боливия, Юта штаты, Гватемала, Белиз жана Гондурас бар.

Буга чейин National Geographic, Financial Times, The Guardian жана Business Insider Кыргызстан 2016-жылы туристер бара турчу эң ынгайлуу өлкө экенин жазышкан болчу.

XS
SM
MD
LG