Ссылки доступа

Дагестанда Москвада чабуул уюштурууга шектелгендер кармалды


Жаңы жылдык майрамдарда Москвада террордук чабуул уюштурууга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Шектүүлөр Сириядагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун көрсөтмөсү менен иштешкен деп болжолдонууда.

Орусия ФСБсынын маалыматы боюнча шектүүлөр Дагестандын аймагында кармалышкан. Болжолдуу түрдө алар ок атуу куралдарын жана жардыргыч заттарды пайдалануу менен адамдар көп топтолгон жерлерге чабуул коюуну көздөшкөн.

Буга чейин исламчыл көтөрүлүшчүлөр Дагестанда полиция кызматкерлерине жана расмий адамдарга кол салууларды уюштурган. Алардын айрымдары ИМ тобуна кызмат кылууга ант бергендер. 2015-жылдын сентябрында Орусия Сирия президенти Башар Асадды колдоп, өлкөдө аба соккуларын жасоо өнөктүгүн баштаган. Жооп катары Сириядагы ИМ тобунун лидерлери Орусияда чабуулдарды уюштура тургандыктарын убадалашкан.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча Асаддын бийлигин кулатууну көздөгөн исламчыл көтөрүлүшчүлөрдүн катарына кошулуу үчүн Орусиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн Сирияга баргандар миңдеп саналат.

Жаңы жылдык майрамдар маалында коопсуздукту камсыздоо максатында Москва бийлиги адамдар көп топтолчу жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүүнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG