Иран тарап Түркмөн бийлигинин чечимин макулдашууну бузуу катары баалады. Маалыматка караганда, эки өлкө карызды төлөө боюнча сүйлөшүүдө.
Иран 1997-жылдан бери түндүктөгү аймактары үчүн түркмөн газын сатып алат. Азыркы тапта экспорттун көлөмү 10 миллиард кубометрди түзөт. Түркмөнстан Ирандын Кытай менен Түркиядан кийинки ири өнөктөшү.
Декабрдын башында Тегеран түркмөн бийлиги 1,8 миллиард долларга жеткен карыздан улам көгүлтүр отту токтоторун эскерткенин жарыялаган. Өткөн аптада тараптар убактылуу келишим түзгөнү кабарланган болчу.