Ссылки доступа

Стамбулдагы кол салууга ИМ тобу жоопкерчилик алды


39 кишинин өмүрүн алган Стамбулдагы түнкү клубга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Бул тууралуу The Wall Street Journal билдирүүдө.

Түрк полициясы кылмышка шектелип сегиз киши кармалганын билдирди.

1-январга караган түнү ичинде жүздөгөн кишилер бар популярдуу Reina түнкү клубунда белгисиз адам ок чыгарган. Акыркы маалыматтар боюнча анда 39 киши набыт болуп, 70ке жакыны түрдүү жаракаттарды алган. Жабыркагандардын арасында чет өлкөлүктөр көп.

XS
SM
MD
LG