Ссылки доступа

Шаханда кыйраган үйдүн жашоочулары буюм-тайымдарын чыгарып кетишүүдө


Караганда облусунун Шахан шаарчасындагы ураган көп кабаттуу үйдүн тургундарына батирлерден буюм-тайымдарын чыгарып кетүүгө уруксат берилди.  1-январда болгон кырсык тогуз адамдын өмүрүн алган.

Бүгүн эртең менен турак-жайдын жашоочулары жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өткөрүштү. Учурда полициянын коштоосу менен кишилер имараттын урабаган бөлүгүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Беш кабаттуу имараттын толугу менен кыйрап калуу коркунучу сакталуу.

Казакстандын Реконструкция жана өнүгүү боюнча көп профилдүү институтунун адистери жабыр тарткан имаратты экспертизадан өткөрүп башташат.

Бул арада Шахан шаарчасында жергиликтүү деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда урандыларды карап чыгуу иши аяктады, жаңы курмандыктар жок. Трагедия көп кабаттуу үйдүн от казаны жарылгандан улам келип чыккандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG