Ссылки доступа

Сингапур компаниясы Өзбекстанда жер семирткичтердин жаңы түрлөрүн өндүрөт


Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети менен Сингапурдун Indorama компаниялар тобу Indorama Kokand Fertilizers деген биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү өзбек ММКлары жазышты.

Химия тармагындагы биргелешкен жаңы ишкана Кокон суперфосфат заводунун базасында түзүлүп, заманбап технологиялар менен минералдык жер семирткичтерди өндүрөт.

Долбоордун алкагында өндүрүштү модернизациялоо жана жаңы технологияларды киргизүүдөн сырткары өлкөдө буга чейин өндүрүлбөгөн минералдык жер семирткичтердин түрлөрүн чыгаруу жолго коюлат.

Биргелешкен жаңы ишканада чет өлкөлүк инвестордун үлүшү 75% түзөт. Долбоорду жакынкы беш жыл ичинде бир канча баскыч менен ишке ашыруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG