Мурдагы бажы кызматкери өлкөгө автоунааларды ташып кирүүдө бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгү боюнча жалган документ жасап, 500 миң сомони (63 миң доллардан ашуун) пайда тапкан.
Алдамчылыгы ашкереленген соң ал из жашырган, бирок бир айдан кийин кармалган. Тергөө учурунда бажы кызматкери келтирилген чыгымдарды төлөп берүүдөн баш тарткан.
Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда учурда 800 миңдей автоунаа бар. Адистердин айтымында, көпчүлүгү Германия өндүрүшүнөн чыккан. Бирок каржы каатчылыгы, сатып алуучулардын жоктугунан улам, Тажикстанга келген автонуааларды башка өлкөлөргө экспорттоо сегиз эсеге өскөн.