Ссылки доступа

Ооганстанда шиит мусулмандары нааразылык акциясына чыкты


Ооганстандын батышындагы Герат шаарында жүздөгөн шиит мусулмандары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар соңку кездери шииттерге каршы күч алган радикал топтордун чабуулдарына каршылык билдиришти.

Демонстранттар “Ооганстандын душмандарына өлүм!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап, “Ислам мамлекети” терордук уюмуна каршы ураандарды чакырып, кол салууларда өлгөн туугандарынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп шаар администрациянын алдына чыгышты.

Иран менен чектеш аймакта жайгашкан Герат провинциясында соңку кездери шиит мечиттерине жасалган кол салуулар күч алган. 1-январда уюштурулган чабуулдан бир имам жана беш жайкын тургун мерт болгон.

“Ислам мамлекети” радикал уюму мурда негизинен Пакистан менен чектеш Нангархар провинциясынын аймагында гана теракттарды уюштуруп келсе, бир жыл ичинде алардын аракеттери башка чөлкөмөдөрдө да өскөнүн бийлик маалымдады.

Ички иштер министрлигинин террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Нажибулла Манинин айтымында, азыр аталган экстремисттик уюмдун согушкерлери Ооганстандын 34 провинциясынын 11инде активдүү.

XS
SM
MD
LG