Ссылки доступа

АКШ Сенаты Орусияга санкция киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдады


Республика жана Демократия партияларынын Сенаттагы өкүлдөрү Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү шарттаган мыйзам долбоорун даярдашты. Бул тууралуу документтин демилгечилеринин бири,  сенатор-демократ Бен Кардин билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору ушул жумада жарыяланышы мүмкүн. “Бул Конгресстин Кремлге карата кошумча санкцияларды киргизүү боюнча даярдаган ири масштабдагы мыйзам долбоору болот”,-деди Бен Кардин. Санкция Москванын чыгыш Европадагы, анын ичинде Крымдагы аракеттери жана Сирияда Башар Асаддын режимин колдогондугуна жооп болот.

Азырынча АКШнын жаңы шайланган президенти санкцияларды киргизүүгө милдеттүүбү же мыйзам чыгаруучулар ага формалдуу түрдө гана документти жарыялоо мүмкүнчүлүгүн берери белгисиз.

АКШ президенти Барак Обама 29-декабрда өз жарлыгы менен Америкадагы соңку президенттик шайлоо кампаниясына кийлигишкен орусиялык атайын кызматтарга, алардын жетекчилерине, бир нече фирмаларга жана жарандарга санкцияларды киргизген.

Тыңчылыкка шектелип Америка Кошмо Штаттарынан 35 орусиялык дипломат чыгарылган. Көптөгөн америкалык мыйзам чыгаруучулар Орусиянын Американын шайлоо кампаниясына кийлигишүүсүн парламент тарабынан иликтөө керектигин айтып, кошумча санкцияларды киргизүү идеасын колдошот.

XS
SM
MD
LG