Ссылки доступа

ЕККУ Түркмөнстанга шайлоону баалоо миссиясын жөнөтүүнү сунуштады


ЕККУ Түркмөнстанга ушул жылдын 12-февралында өтө турган президенттик шайоого көз салып, баалоо үчүн байкоочулар миссиясын жөнөтүүнү сунуштады.

Буга чейин Түркмөнстанда аналитикалык топ иш алып барып, өлкөдө негизги эркиндиктер менен саясий атаандаштыктын жок экенин белгилеген. Ошондой эле шайлоо тууралуу мыйзам дагы иштелип чыгышы керектигин жана өлкөгө байкоочулар миссиясынын ордуна шайлоо өткөрүүгө жардам берүү боюнча миссияны жөнөтүүнү сунуштаган эле.

ЕККУнун муктаждыктарды баалоо миссиясынын соңку баяндамасына ылайык, Түркмөнстандын мамлекеттик системасында бийлик так бөлүнгөн эмес, өлкөдө жарандардын тандоо эркиндиги сыйланбайт жана ал шайлоону ЕККУнун стандарттары боюнча өткөрүүгө тоскоолдуктарды жаратат. Ошондой эле өлкө ММКлары мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болуп, чет өлкөдөн маалымат алуу мүмкүндүктөрү чектелген. ЕККУ миссиясы Түркмөнстан менен диалогду улантууну сунуштаган.

Байкоочулар миссиясы маалымат топтоо жана шайлоо тилкелерине баруу менен алектенип, шайлоо маалында мыйзамдуулуктун сакталышына көз салат.

XS
SM
MD
LG