Шаардык прокуратуранын маалыматы боюнча Габдуллиндин иши Астананын адистештирилген район аралык сотуна жөнөтүлдү.
Коррупцияга каршы кызмат Бигелди Габдуллиндин кармалганын ноябрда кабарлаган. Тергөө 62 жаштагы Габдуллин өзү ээлик кылган ММКлары аркылуу мамлекеттик органдарга чабул жасап, аткаминерлерден акча талап кылганын билдирүүдө. Редактордун адвокаты муну четке кагууда.
Бул арада 26-декабрда Radiotochka.kz сайтынын редактору Бекжан Идрисов ага басым көрсөтүлүп жатканын айтып, Казакстандан чыгып кеткен. Прокуратура журналистке кысым болбогонун билдирүүдө. Идрисов Габдуллиндин ишинде күбө катары өтүүдө.