Ссылки доступа

Ташкентте метрополитендин курулушу башталды


Ташкенттин Сергели районунда метрополитендин курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлашууда.

Жер астынан өтчү жолдун узундугу 8 чакырымды түзүп, “Олмазар” станциясынын Чилназар линиясынан Спутник массивине чейин созулат.

Бардыгы болуп алты линия салынат. Линия Чоштепа, Мирзо, Турсунзода жана Кипчок көчөлөрүнөн Марли көчөсүнө чейин өтөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча долбоорду төрт жылда бүткөрүү каралган.

XS
SM
MD
LG