Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк мэрлик кызматка азыркы шаар башчысы Албек Ибраимовду көрсөткөн. Ал эми оппозициялык азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштады.
Мыйзамга ылайык, мэрди шаардык кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүүнүн негизинде шайлашат. Саясий иш-чарага жалпы депутаттардын эң аз дегенде үчтөн эки бөлүгү катышса шайлоо өттү деп эсептелинет.