Ссылки доступа

Атамбаев Пекинде темир жол курулушун талкуулайт


Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун  билдиришинче, Атамбаев баштаган делегация Кытайга иш сапар менен бүгүн түштөн кийин учуп кетет. Сапардын жүрүшүндө расмий Бээжин өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Өзбекстандагы сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси Кытайга сапарында көтөрүлө турганын маалымдаган.

Буга чейин расмий Ташкен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдогон эле.

XS
SM
MD
LG