Ссылки доступа

Согдилик салафит 5,5 жылга түрмөгө кесилди


Согди облусунда жергиликтүү жашоочу Тажикстанда тыюу салынган “Салафия” уюмуна мүчө болгондугу үчүн айыпталып, беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Анын салттуу динге жат көз карашын тиешелүү органдарга кабарлабагандыгы үчүн курдашы сегиз айга кесилди.

Сот жараяны учурунда негизги айыпталуучу тыюу салынган уюмдун катарына 2012-2014-жылдары Орусияда эмгектенип жүргөн маалда кошулганын бышыктаган. Мекенине кайтып келгенден кийин эки жыл бою салафизмдин бардык эрежелерине ылайык сыйынып жүргөн.

Сот айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирди. Маалым болгондой ал “Салафия” идеасын айылдаштары арасында дагы таркатып жүргөн.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алып, бирок экстремисттик же деструктивдүү мүнөздөгү иш-аракеттерди кылбаганын айткан.

XS
SM
MD
LG