Ссылки доступа

Измирдеги жардырууда эки адам мерт кетти


Түркиянын Измир шаарында 5-январь кечке жуук болгон жардыруудан эки киши - полициячы жана сот кызматкери набыт кетти. Жаракат алгандардын саны онго жетти. Бул тууралуу Измирдин губернатору Эрол Айилдиз билдиргенин Рейтер агенттиги кабарлады.

Анын айтымында, "Калашников" автоматы жана гранаталар менен куралданган эки согушкер сот имаратынын жанындагы автоунааны жардырып жиберишкен.

Эки согушкер тең полиция тарабынан жок кылынды.

Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек. Бирок жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, алдын ала иликтөөлөр мунун артында өлкөдө тыюу салынган "Күрт жумушчу партиясы" турганын көрсөтүүдө.

Мурдараак Измирде Стамбулдагы жыңы жыл түнү болгон терактка катыштыгы бар делген 40тай адам кармалган.

1-январга караган түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна жасалган чабуул 39 адамдын өмүрүн алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG