Ссылки доступа

Журналисттер комитети Дүйнөлүк банктан Кыргызстанды каржылоону токтотууга чакырды


Штаб-кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык журналисттерди коргоо уюму Азимжан Аскаров бошотулмайынча, Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууга чакырган катын Дүйнөлүк банктын жетекчиси Жим Ен Кимге жолдогон.

Катта Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы базар экономикасын реформалоого каржылык көмөк көрсөтүп келе жаткан негизги институт экени белгиленген.

“Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтү менен туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн иштеп келет. Бирок мыйзам бийлигин жана адам укугун сыйлоону, сөз эркиндигин бекемдебей туруп, муну ишке ашыруу мүмкүн эмес”,- деп айтылат уюмдун Дүйнөлүк банкка жолдонгон катында.

Кайрылууда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө камалып турушу - Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин бузуусуна жатары, ошондой эле бийлик тарабынан адам укугун коргоо жоктугун далилдеп турары белгиленген. Журналисттерди коргоо комитети Дүйнөлүк банктан Аскаровду бошотууну Кыргызстан менен мындан ары экономикалык кызматташтыкты улантууга шарт түзүшү керектигин билдирген.

1992-жылдан бери Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы долбоорлорду 1,3 млрд долларга каржылаган. Мунун ичинен 45% грант түрүндө, 55% насыя катары берилген.

Видео

XS
SM
MD
LG