Ссылки доступа

Путин менен анын айланасындагылар үчүн өзгөчө оорукана курулат


Орусия президенти менен анын айланасындагы аткаминерлер үчүн эксклюзивдүү оорукана курулууда. Бул тууралуу Орусиянын медицина чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме кылып Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, оорукана советтик мезгилден бери жогорку кызматтагы аткаминерлерге медициналык кызмат көрсөтүлүп келген Борбордук клиникалык оорукананын аймагындагы үч кабаттуу корпуста жайгашат. Жаңы оорукана болгону 10 кишиге ылайыкталып, президент, премьер-министр жана алардын айланасындагы өзгөчө жакын адамдар гана пайдалана ала турган байланыш системасы менен жабдылат. Долбоор дээрлик 3 миллиард рублге бааланууда.

Президенттин иш башкармалыгы Reutersке жөнөткөн кат жүзүндөгү жообунда оорукананын курулуп жатканын ырастап, ал Путиндин айланасындагы адамдарды гана эмес, жүздөгөн мамлекеттик кызматтагы аткаминерлерди тейлей турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG