Ссылки доступа

Казакстанда журналист мунапыс менен бошотулду


Түштүк Казакстан облусунда  сот жергиликтүү журналист жана активист Амангелди Батырбековго карата өкүм чыгарды. Ал райондук прокурордун мурдагы орун басары Нурлан Сапаровдун арызынын негизинде жоопко тартылып жаткан. Сапаров журналистти макаласы аркылуу кемсинтүүгө айыптаган.

Сот журналист, «Сарыагаш-Адилет» коомдук бирикмесинин жетекчиси Батырбековду судьяны, прокурорду жана сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзгөн кызматкерди ушактоого күнөөлүү деп таап, жалган билдирүү таратуу айыбы боюнча актады. Судья Нурбол Ешпанов Амангелди Батырбековго карата эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Анын камакта жаткан күндөрү эске алынып, мөөнөтү бир жыл, алты айга кыскартылды. Сот Батырбековго мунапыс берип, сот залынан бошотуу чечимин чыгарды.

Соттон кийин Амангелди Батырбеков толугу менен акталышы керектигин айтып, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

«Адил сөз» укук коргоо уюму Батырбековду «Казакстандагы сөз эркиндигинин туткуну» деп атады.

XS
SM
MD
LG