Ссылки доступа

Парламентте бажычылардын жаңы жылдык эс алуулары сынга алынды


Бажы кызматынын жетекчилери үй-бүлөлөрү менен жаңы жылды чет өлкөдө тосуп келгени Жогорку Кеңештин сынына кабылды. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул жагдайды иликтөө үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Бажы кызматындагы аткаминерлердин жаңы жылды башка мамлекеттерде майрамдап келгени тууралуу парламенттеги «Бир бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Ал каржы жана бюджет комитетинин жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановду кайсы кызматкери кайда барып келгенин билбейт деп сынга алды.

Депутат жаңы жылдын алдында мекеменин 230дан ашык кызматкери эмгек өргүүгө чыкканын айтты. Анын маалыматы боюнча бажычылар чет өлкөдө эс алып келгенин жашыруу үчүн Алматы аркылуу учушкан.

«Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынан баштап башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчылары, орун басарларынын баары жаңы жылды чет мамлекетте тосушкан. Алардын көпчүлүгү изин жазгыруу үчүн биздин “Манас” аэропортунан учпай, Алматы аркылуу кетишкен. Жаңы жылды сыртта чардап тосуп жүрүшөт. Сиз ким кайда экенин билишиңиз керек. Бул деген жөн кызмат эмес, бул Бажы кызматы. Сыртка чыккандардын баары мамлекеттик маанилүү сырды алып жүргөндөр болуп эсептелет. План толбой жатса, булар сыртта майрамдап жүрүшөт. Болгондо да бизнес класстар менен учуп жүрүшөт. Алар каяктан байышкан?», - деп суроо салды Алтынбек Сулайманов.

Ал Бажы кызматы боюнча айтылган коррупция, кадр саясаты өңдүү дооматтардын баарын иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2016-жылдын 31-декабрында 232 кызматкер мыйзамдуу эмгек өргүүсүндө болгон. Мекеменин маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов алардын ичинен ондон ашыгы гана үй-бүлөлүк себептер менен чет өлкөдө болушканын билдирди. Айтымында, алар ички коопсуздук кызматынан мамлекеттик сырды сактоо боюнча көрсөтмө алышкан.

XS
SM
MD
LG