Аземге президенттик кызматтан кетип жаткан Барак Обама, вице-президент Жозеф Байден жана Дональд Трамптын үй-бүлөлөрү катышат.
Инаугурацияга катышарын АКШнын экс-президенттери Жимми Картер, кичүү Жордж Буш, Билл Клинтон жана анын президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы болгон жубайы Хиллари Клинтон ырастады.
Ал ортодо биз АКШ президенттеринин ант берүү аземдеринин тарыхы жана салттары тууралуу материал сунуштайбыз.