Ссылки доступа

Өлкөдө Атамбаевдин байлыгы тууралуу маалымат сурап жатышат


Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге расмий кайрылуу жолдоп, байлыгы тууралуу маалыматты сурайт. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңеште өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Текебаев Атамбаевдин буга чейин көп айткан “байлыкты мага кудай берген” деген сөзүн сындап, быйылкы “Ыйман жылында” байлыгын кантип топтоп жатканын сурамакчы:

-“Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор” деген фирмалары бар экен. Бирок мен иликтесем, ал ишканаларда Атамбаевдин бир да акциялык пайызы жок экен. Эң чоң акционер Черных деген адам жүрөт. Балким ал Кыргызстандын жараны эмес. “Автомаш-Радиатор” Орусиядагы компанияга биригип кетиптир. Атамбаев бир кездери менчиктеп алган ишканаларын сатып жибериптир, азыр эч нерсеси калбаптыр.

Текебаев Салык инспекциясына, Социалдык фондго да кайрылып, Атамбаев мамлекетке төлөгөн салык тууралуу суроо-талап жөнөткөнүн кошумчалады. Ошондой эле Баалуу кагаздар департаментине кайрылып, Атамбаевге тиешелүү деген фирманын акционерлери тууралуу жооп алганын, мамлекет башчы ал жерге тиешеси жоктугун белгиледи.

- Атамбаевдин көп байлыгы 2010-жылдан кийин пайда болуптур. Ал кишинин бизнесинин сырлары ачыла турган күн жакындап калды,- деди Текебаев.

XS
SM
MD
LG