Ссылки доступа

Порошенко Германияга сапарын токтотту


Украина президенти Петр Порошенко Авдеевкадагы кырдаалдын курчушунан улам Донбасстагы абалды жөнгө салуу үчүн өзүнүн администрациясына Үч тараптуу байланыш топтордун жыйынын уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу Украинанын «5-каналына»  президенттин администрация башчысынын орун басары Константин Елисеев билдирди.

Үч тараптуу байланыш топторунун кийинки жолугушуусун 1-февралда Минскте өткөрүү пландалган. Бирок Елисеевдин айтымында, топтун чукул жыйыны белгиленген күндөн эрте болушу керек.

29-январь күнү эртең менен куралдуу жикчилдер украин аскерлеринин позицияларын ээлеп алуу максатында Авдеевка промзонасынын аймагында чабуул баштаган. Анын жүрүшүндө эки тараптан тең жоготуулар болгон.

«Украинская правда» басылмасы Авдеевкадагы окуялардан улам 30-январда президент Петр Порошенко Германияга болгон жумушчу сапарын токтотконун билдирди.

XS
SM
MD
LG