Ссылки доступа

Казакстандан Кыргызстанга келаткан поезд кырсыкка кабылды


Казакстандан Кыргызстанга көмүр ташып келаткан 57 вагондуу поезд кырсыкка кабылып, акыркы алты вагону рельстен чыгып кетти. Бул маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя 31-январда эртең мененки саат тогуздан өткөндө Казакстандын Мерке айылына жакын жерде болгон.

Поездде келаткан төрт кыргыз жарандарынын эч кимиси жабыркаган эмес.

Поезд "Луговое" станциясынан "Бишкек-1" станциясына көмүр алып келаткан эле. Кырсыктын чоо-жайын эки тараптуу комиссия иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG